"Атасы, эки бир тууганы каза болгон". Түркиядагы жер титирөөдө 128 саат урандынын алдында жаткан ымыркайдын окуясы
Аман калган ымыркай президенттик учак менен Анкарага жеткирилип, шаардык ооруканада текшерүүдөн өткөндөн кийин үй-бүлө иштери жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр министрлигине караштуу мекемеге жаткырылган. Дарыгерлер кыздын ден соолугунда эч кандай көйгөй жок экенин айтышкан.
Кыздын апасы менен болгон жакындыгы ДНК-анализинин натыйжасында далилденген. Ымыркайдын апасы Ясемин учурда Адана шаарындагы ооруканада дарыланууда. Кызын ага Түркиянын үй-бүлө иштери жана социалдык тейлөө министри Деря Яник алып барды.
Hatay’ın Antakya ilçesinde yıkılan bir apartmanın enkazından 2 aylık olduğu tahmin edilen bir bebek 128 saat sonra kurtarıldı https://t.co/mMddUCx2n6" target="_blank">https://t.co/mMddUCx2n6">https://t.co/mMddUCx2n6 pic.twitter.com/4M1SpX7qjj" target="_blank">https://t.co/4M1SpX7qjj">pic.twitter.com/4M1SpX7qjj
— ANADOLU AJANSI (@anadoluajansi) February" target="_blank">https://twitter.com/anadoluajansi/status/1624808046143877126?ref_src=twsrc%5Etfw">February 12, 2023