«Атасы, эки бир тууганы каза болгон». Түркиядагы жер титирөөдө 128 саат урандынын алдында жаткан ымыркайдын окуясы

Түркияда Хатайда 6-февралда болгон жер титирөөдөн кийин куткарылган ымыркай 54 күндөн кийин апасы менен жолугушту. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги билдирди.

Үй-бүлө жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Хатайдагы жер титирөөдөн 128 сааттан кийин 3,5 айлык наристе урандынын алдынан табылган. Ага Гизем деген ысым берилген. Наристенин атасы жана эки бир тууганы каза болуп, апасы жаракат алган.

Аман калган ымыркай президенттик учак менен Анкарага жеткирилип, шаардык ооруканада текшерүүдөн өткөндөн кийин үй-бүлө иштери жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр министрлигине караштуу мекемеге жаткырылган. Дарыгерлер кыздын ден соолугунда эч кандай көйгөй жок экенин айтышкан.

Кыздын апасы менен болгон жакындыгы ДНК-анализинин натыйжасында далилденген. Ымыркайдын апасы Ясемин учурда Адана шаарындагы ооруканада дарыланууда. Кызын ага Түркиянын үй-бүлө иштери жана социалдык тейлөө министри Деря Яник алып барды.