«Аткаминерлер чачын кырдырып, топу кийсин». Түркмөнстанда президенттин атасы каза болгонуна байланыштуу буйрук чыкты

«Аткаминерлер чачын кырдырып, топу кийсин». Түркмөнстанда президенттин атасы каза болгонуна байланыштуу буйрук чыкты. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

Аталган өлкөнүн Лебап велаятинде президент Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Мяликгулы Бердымухамедовдун кыркылыгы өткөнгө чейин мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле менчик ишканалардын жетекчилери чачын кырдырып, топу кийүүгө милдеттендирилди. Мындай талап президент элдин алдына аза күткөн адам катары топу кийип чыккан соң киргизилген.


Мяликгулы Бердымухамедов 18-апрелде каза болгон, ал эми анын кыркылыгы 28-майда өттү. Президенттин атасы кайтыш болгондон бери борбордогу чиновниктердин баары түркмөндөрдүн улуттук топусун кийип жүрүшөт. Ал эми мамлекеттик мекемелерде иштеген кыз-келиндер аза күтүү иретинде кара саймасы бар жоолук жамынышууда.