Аудио жөнөткөндү жактыргандар үчүн… WhatsApp’та жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенжеринде аудио билдирүүлөрдүн сүйүүчүлөрү үчүн жаңы функция пайда болот. Бул тууралуу 4PDA жазды.

WABetaInfo порталынын маалыматы боюнча, View Once (бир жолу көрүү) функциясы аудио билдирүүлөр үчүн кадимки билдирүүлөр сыяктуу иштейт. Аудио билдирүү жөнөтүлгөн адам уккандан кийин дароо өчүрүлөт. Жарыяланган скриншотторго караганда, мындай файлдар атайын 1 деген саны бар иконка менен белгиленет.

WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары бул функцияны качан так колдоно алары азырынча белгисиз.