«Аватар: Суунун жолу» тасмасы тапканы боюнча «Титаникти» басып өттү

Жеймс Кэмерондун «Аватар: Суунун жолу» тасмасы эл аралык кассада «Титаниктен» ашып өтүп, эң көп кирешелүү үчүнчү тасмасы болуп калды. Ал тышкы рынокто 1 миллиард 538 миллион доллар чогулткан.

Анткен менен “Аватар” тасмасы 2,1 миллиард доллар менен чет өлкөлөрдө эң көп киреше алып келген тасма бойдон калууда, ал эми экинчи орунда 1,9 миллиард доллар менен “Өч алуучулар: Финал” турат.

Эл аралык кассада Кытай (240,6 миллион), Франция (141,5 миллион), Германия (130,7 миллион доллар) жана Түштүк Корея (105,5 миллион доллар) алдыңкы орунда экени белгиленген.