«Аватар: Суунун жолу» тасмасынын трейлери жарыкка чыкты (видео)

Дүйнөлүк атактуу режиссёр Жеймс Кэмерон «Аватар: Суунун жолу» тасмасынын трейлерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган тасманын премьерасы 16-декабрга белгиленген.

Белгилей кетсек, 2009-жылы чыккан «Аватар» фантастикалык тасмасы дүйнөлүк сатыктан 3 миллиард доллар киреше таап, кино дүйнөсүндө тарых жараткан. Ал 12 жыл бою эң алдыңкы кассалык тасма деп бааланган.