Авиакырсыктан аман калган стюардесса Азербайжан басылмасына маек берди

Актаудагы авиакырсыктан аман калган стюардесса Айдан Рагимли азербайжандык порталга кырсык болгонго чейин учактын ичинде эмне болгонун айтып берди.

Азербайжандын «Oxu.az» порталына берген маегинде Айдан Рагимли, учуу учурунда сокку болгонун айтты.

«Биринчи соккудан кийин кычкылтек маскалары ачылды, ал эми жүргүнчүлөргө кайрылганыбызда экинчи сокку болду», — деп эскерет Айдан.

Анын айтымында, экинчи сокку учурунда башка борт коштооочу Зульфугар Асадов сол колунан жаракат алган.

«Мен ага жардам берүүгө аракет кылдым. Биз учактын куйругуна кирип, стюардессалар үчүн бөлүнгөн жерге отуруп, кычкылтек маскаларын кийдик. Мен ага биринчи жардам көрсөттүм. Биз улук стюардесса менен дайыма байланышта болдук. Кычкылтек балонунун жарылышы туура эмес маалымат. Эгер кычкылтек багы жарылып кетсе, биз аман калмак эмеспиз. Мен көзүмдү ачып, кайда экенимди сурасам, мага Актауда экенимди айтышты», — деди Айдан Рагимли.