Актауда кулаган учакты Игорь Кшнякин менен Александр Калянинов башкарышкан. Кшнякин 15 миң саат учкан тажрыйбалуу учкуч болгон. Анын 11,2 миң саатын капитан катары башкарган. Ал эми Калянинов болсо Баку Европа лицейинин бүтүрүүчүсү.
«1Anews.az» Азербайжан басылмасы учкучтар учакты калктуу пункттан алыс алып өткөнүн жазды. Антпесе учак үйлөргө түшүүгө аз калган. Бул аракеттердин натыйжасында учкучтар бир катар кишинин аман калуусуна себеп болушкан. Беш борт коштоочунун ичинде Зульфугар Асадов менен Айдан Рахимли аман калышты.
Авариялык конуу учурунда борт коштоочулар өз иштерин жогорку деңгээлде аткарышкан. Аман калгандар алардын эрдиктерин баса белгилеп жатышат. Алардын арасында стюардесса Хокума Алиева авариялык абалда, катаал конуудан кийин эмне кылуу керектиги боюнча көрсөтмө берип, жүргүнчүлөрдү акыркы мүнөттөргө чейин тынчтандырып турган. Тилекке каршы Хокума Алиева кырсыкта каза тапты.
Екатеринбургдун тургуну Субхонкул Рахимов учактын арт жагына отургандыгы үчүн аман калган. Ал башында борттун ортосуна отурмак. Рахимовдун учактын ичиндеги акыркы мүнөттөрдү тартып алган видеосу соцтармактарда жайылып жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram