Австралияда 16 жашка чейинкилерге соцтармактарга кирүүгө тыюу салынды

Австралияда жаңы мыйзамдарга ылайык, 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат. Бул дүйнөдөгү эң катуу социалдык медиа көзөмөлүнүн бири болорун Bloomberg жазды.

Бирок бул чечим олуттуу талаш-тартыштарды жаратты. Фейсбук менен Инстаграмга ээлик кылган Meta австралиялык бийликтердин чечимин айыптап, мыйзам жаштардын пикири эске алынбай, коомчулук менен жетиштүү кеңешилбестен жана бул тууралуу болгон маалыматтарды туура талдабастан, шашылыш кабыл алынганын жүйө келтирди. 

Башка социалдык аянтчалардын ээлери да тынчсызданууларын билдиришти. Маселен, X платформасынын (мурдагы Twitter) ээси Илон Маск да мыйзамды сынга алып, аны интернетке кирүүнү көзөмөлдөө аракети деп атады. Ал мындай чара адамдардын эркин маалымат алуу укугун бузат деген пикирин билдирди.

Австралиянын бийлиги бул мыйзам өспүрүмдөрдүн жаңы муунун психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизген социалдык медиадагы зыяндуу контенттин өсүп жаткан көлөмүнөн коргоо үчүн зарыл деп эсептейт. Байланыш министри Мишель Роуланд мыйзам ушул сыяктуу чараларды киргизүүнү каалаган өлкөлөр үчүн үлгү болоорун айтты.