Австралияда 230 кит жээкке чыгып калган (видео)

Тасманиянын (Австралия) батыш жээгинде 230га жакын кит жээкке чыгып калган. Бул тууралуу Euronews телеканалы Тасманиянын жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Океан жээгине чыгып калган үйүрдүн кеминде жарымы дагы деле тирүү деп болжолдонууда. Бул тууралуу кечээ, 20-сентябрь күнү Тасманиянын жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо департаменти билдирди.

Деңизди коргоо программасынын тобу киттерди куткаруу үчүн жабдууларды чогултуп, аймакка жөнөп жатканын билдирилди. Жергиликтүү тургун Австралиянын телерадио корпорациясына Маккуари Харбордун кире беришинде киттерди көрүшкөнүн айткан. Жергиликтүү бийлик элди бул жерден алыс болууга чакырды. Киттер толук түшүнүксүз себептерден улам жээкке чыгып калган.