Австралияда 4 баласын өлтүрүүгө шектелип соттолгон аялдын өкүмү 20 жылдан кийин жокко чыгарылды

Австралияда сот төрт баласын өлтүргөн деген айып менен 20 жыл мурун кармалып, камакка алынган Кэтлин Фолбиггдин бардык өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу Euronews жазды.

Далил катары ал учурда аялдын күндөлүгү алынган. Ал өзү ар дайым күнөөсүз экенин айтып келген. 

Фолбигг 20 жыл түрмөдө отурган. Ал алты ай мурун генетиктер менен иммунологдор балдардын табигый себептерден улам каза болгон деген тыянагынан кийин бошотулган. Жаңы соттук-медициналык экспертиза жүрөктүн токтоп калышына жана эпилепсияга алып келиши мүмкүн болгон ген мутацияларын тапкан. 

Өкүмдөрдүн жоюлушу Фолбигге мыйзамсыз камалгандыгы үчүн компенсация талап кылууга мүмкүнчүлүк берет.