Австралияда аялдын мээсинен жыландарда кездешчү тирүү курт алынды

Австралиянын борбору Канберрада аялдын мээсинен узундугу 8 сантиметр болгон тирүү курт хирургиялык жол менен алынды. 64 жаштагы аял ооруканага 2021-жылдын январь айында 3 жума бою ичтин оорушу жана диарея, ошондой эле кургак жөтөл, ысытма жана түнкүсүн ашыкча тердөө менен кайрылган.

Кийин аял унутчаактык жана депрессия менен да жабыркап, 2022-жылы Канберрадагы ооруканага жөнөтүлгөн. МРТдан текшерилген аялдын мээси адаттан тыш иштеп жатканына байланыштуу операция жасоо чечими кабыл алынган. Операция учурунда дарыгерлер мээсинен узундугу 8 сантиметр, туурасы 1 миллиметр болгон тирүү куртту алып чыгышкан. Лабораторияга изилдөө үчүн жөнөтүлгөн курт, адатта, питондордо (жылан түрү) кездешүүчү мите курт экени аныкталган.

Изилдөө белгилегендей, буга чейин мындай мите курт адамдарда байкалган эмес. Мындай көрүнүш тарыхта биринчи жолу катталууда. Бейтаптын үйүнүн жанындагы көлдүн айланасында жыландардын питон түрү бар болуп чыккан. Көлдүн айланасындагы тамак-ашка колдонуучү өсүмдүктөрдү чогултуу учурунда аялга бул мите курттар жугушу мүмкүн экендиги аныкталган.