Австралияда беш жашар баланы питон бассейндин түбүнө сүйрөп кеткен. Бала куткарылды, жылан коё берилди

Австралияда беш жашар балага үч метрлик питон кол салып, аны чагып, кийин муунтууга жана бассейндин түбүнө сүйрөп кетүүгө аракет кылган. Бала куткарылды, жылан коё берилди. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Бала ага жылан кол салган учурда бассейндин жанында ойноп жаткан. Ал балага шакекчедей болуп оролуп, сууга сүйрөгөн. Кийин баланы чоң атасы менен атасы көрүп калып, аны бассейнден жылан менен кошо чыгарышып, андан ары баланы куткарган. Жыланды болсо коё беришкен. «Кан болгон жерлерин жууп, уулуу жылан болбогону үчүн коркунуч жоктугун айтканыбызда, балабыздын маанайы көтөрүлүп калды», — деп журналисттерге атасы айтып берген.