Австралияда дарыяга толо өлгөн балыктын үрөй учурган видеосу жарыяланды

Австралиянын экинчи чоң дарыясында миллиондогон өлгөн балыктардын видеосун CNN жарыялады.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Дарлинг дарыясында балыктардын массалык кырылышынын себеби расмий түрдө айтыла элек, бирок трагедия боюнча ар кандай версиялар бар. Австралиянын Товар өнөр жай департаментинин маалыматы боюнча, балыктар суудагы кычкылтектин аздыгынан өлүшү мүмкүн. Учурда балыктардын өлүп жатканы токтой элек.