Австралияда жубайлар акча үчүн 43 жылда 12 ирет ажырашышкан

Австралиядагы жубайлар 43 жылда 12 ирет ажырашып, кайра үйлөнүп, өкмөттү 326 миң еврого алдаган. Дүйнөлүк ЖМКлар жазгандай, түгөйлөрдүн бул кыңыр иши алардын акыркы ажырашуусунда жергиликтүү полициянын шеги менен аныкталган. Учурда териштирүү иштери башталып, аларга «олуттуу алдамчылык» деген кине менен кылмыш иши козголду.

Аял 1981-жылы биринчи күйөөсү каза болгондо жесирлерге берилүүчү жөлөк пул алган. Ошол жылы эле экинчи ирет турмушка чыгып, ал үчүн өкмөттөн 27 миң евро кенемте алат. Арадан алты жыл өтүп алар ажырашышат. Көп өтпөй кайра расмий никеге турат. Ошентип бул системаны алар 12 ирет пайдаланып, ар биринде 27 миң евро өкмөттүн пенсиялык фондунан алып турушкан. Кызыгы, үч жыл сайын ажырашып үйлөнгөндөр дайыма бирге жашашкан.