Автралиянын Квинсленд лабораториясында коркунучтуу вирустардын 323 флакон үлгүсү жоголду. Анын арасында өлүмгө алып келген Хендра хантавирус жана лиссавирус бар. Бул тууралуу Автралиянын Саламаттыкты сактоо министри Тим Николс билдирди.
Жоголгон флакондордун 100ү Хендра, экөө Хантавирус, 223ү Лиссавирустун үлгүсү болгон. «Хендра вирусу адамдар арасында 57 пайыздык өлүм көрсөткүчү болгон коркунучтуу вирус», — дейт Корнеллск университетинин профессору Райна Плоурайт.
«Албетте, бул иш боюнча изилдөөлөр жашыруун жүргүзүлөт. Бирок бул үлгүлөрдү курал катары колдонуу кыйын, анткени вирустар төмөнкү температурада бат эле бузулат жана жараксыз абалга келет», — дейт министр Тим Николс.