Австралияда жаракага түшүп кеткен телефонун алам деген кыз 7 саат бою башы менен ылдый илинип турган.
Independent жазгандай, окуя Австралияда болгон. Мындай кооптуу абалга 23 жаштагы Матильда Кэмпбелл туш болгон. 12-октябрда Матильда достору менен Хантер-Вэлли аймагына сейилдөө үчүн барышкан. Анын телефону үч метрлик жаракага түшүп кеткен жана Матильда аны алууну чечкен. Бирок ал телефонду алуу үчүн эңкейгенде тайгаланып кетип, кулап, тар жерге башы ылдый караган бойдон тыгылып калган. Алгач достору чыгарууга аракет кылышкан, бирок колдорунан келбей турганын түшүнүшкөндө жардам чакырган.
Окуя болгон жерге биринчилерден болуп Cessnock ыктыярдуу куткаруучулар коомунун ыктыярчылары жана өрткө каршы кызматынын кызматкерлери барышкан. Көп өтпөй аларга полиция жана дарыгерлер кошулган. Куткаруучулар окуя болгон жерге чакыруудан бир сааттай убакыт өткөндөн кийин жеткен, бирок кызды чыгаруу 7 саатка созулган.
Куткаруудан кийин Матильда куткаруучулар тобуна ыраазычылык билдирген. Бирок телефонун ала алган эмес.
Посмотреть эту публикацию в Instagram