Австралияда туристтик учак кулап, ичиндегилердин баары аман калган

Америкалык туристтерди ташыган жеңил учак Австралиядагы Улуу Барьер рифи аралына кулап түшкөн. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар учактын ичиндеги адамдардын баары тирүү калганына таң калышты. Бул тууралуу 7news сайты жазды. 

Маалыматка караганда, учак 8-январда абага көтөрүлгөндөн кийин дээрлик дароо кулап түшкөн — ал дарактарды сүзүп, андан соң жерге оодарылып кулаган. Ичинде учкучтан тышкары 9 турист, анын ичинде 14 жаштагы кыз болгон.

Кырсыктын кесепетинен адамдар ар кандай жаракаттарды, анын ичинде сыныктарды алышкан жана баш мээси чайкалган. Бирок баары аман калган. Куткаруучулар кырсык болгон жерге бир сааттын ичинде жетип барышкан. Алар бардык жабырлануучулар учактын урандыларынан өз алдынча чыга алышканын аныкташкан.