Австралияда учактан секирген эки парашютчу каза болду

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатында 2 парашютчу учактан кулап каза тапканы кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, полицияга штаттын түштүгүндөгү Түштүк Столлендс аймагында 2 парашютчу учактан кулады деген кабар түшкөнүн билдиришкен. Кырсыкта аэропорттун учуп-конуу тилкесине кулап түшкөн 30 жаштагы 2 десантчы окуя болгон жерде мерт кеткен. Жергиликтүү полиция кызматкерлери жана Австралиянын Транспорт коопсуздугу бюросу жол кырсыгынын себептери боюнча иликтөө жүргүзүп башташкан.