Керри Уолтон таап алган Letta Me Out куурчагы ага ийгилик жана акча алып келгенин айтты. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазып чыкты.
1972-жылы австралиялык тургун үйүнүн жанынан түрү суук куурчакты таап алган. Ал аны өзүнө алгандан кийин жашоосу өзгөргөн. Керри Уолтон куурчакты баткакта жаткан жеринен көрүп калганын, жууп-тазалап үйүнө алып кеткенин айтты.
Уолтон куурчакты цыгандар келечекти алдын ала айтуу үчүн колдонушат деп божомолдогон. Анын айтымында, ал 200 жыл мурун жасалган болушу мүмкүн. «Мурда акча такыр жок болуп калган учурлар болгон. Азыр баары өзгөрдү«, — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram