Австриянын түштүгүндөгү Филлах шаарында Сириянын 23 жаштагы жараны өтүп бара жаткандарга бычак менен кол салып, 14 жаштагы өспүрүмдү өлтүрүп, дагы беш кишини жарадар кылган. Жабыркагандардын экөөнүн абалы оор экенин чет элдик басылмалар жазышты.
Полиция кол салган адамды кармап, анын ким экендигин, ошондой эле кылмыштын себептерин аныктап жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Австрияда мыйзамдуу жашаган.
Каринтия провинциясынын губернатору ПитерКайзер маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кол салууну айыптап, коопсуздук чараларын күчөтүү жана миграциялык саясатты күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Австрия ИИМинин маалыматы боюнча, 2024-жылы 25 000ге жакын чет элдиктер башпаанек сурап кайрылышкан, алардын көбү Сирия менен Ооганстандан келгендер.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...