Аял өрт өчүрүүчү менен таанышуу максатында токойду өрттөп жиберген

Айрым адамдар түгөйүн таанышуу сайттарынан издешсе, башкалары тааныштары аркылуу түгөй издешет. Бирок Грециянын 44 жаштагы тургуну өрт өчүргүч менен мамиле түзүү үчүн атайылап өрт койгон. Бул тууралуу Tengri Travel жазды.

Маалыматка караганда, окуя Триполиде болгон. Кыска убакыттын ичинде эле эки жолу токой өртү чыккан. Өрттү өчүрүүгө барган өрт өчүрүүчүлөр эки учурда тең бир эле аялды көрүшкөн. Бул өрт өчүрүүчүлөргө кызыктай сезилип, шектүү айым тууралуу полицияга кабарлашкан.

Тергөө учурунда аял күнөөнү мойнуна алган. Аял бул кесиптин өкүлү менен мамиле кургусу келгендиктен, өрт өчүргүчтөрдү байкап, аларга тийишүү үчүн ушундай кадамга барганын айткан.

Сотто аялдын аракети бааланган эмес, ал үч жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле 1000 евро айып пул төлөшү керек.