Аял өзүн жана унаадагы ымыркайын өрттөп жиберген окуя видеого түшүп калган

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ферганада болгон каргашалуу окуянын чоо-жайын жарыялады. Аял жолдошунун кызганычынан улам өзүнө жана баласына бензин чачып, өрттөп жиберген. Аял окуя болгон жерден каза болгон, ал эми бала дарыгерлердин аракетине карабай ооруканада каза болгон. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды. 

Маалыматка караганда, окуя 24-январда саат 19:00 чамасында болгон. Күйөөсү өзүнүн Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен аялын жана баласын ооруканадан алып кеткен. Алар унаада урушуп кетишкен. Сүйлөшүү үчүн жаран унаасын токтоткон. Андан соң аял канистрди алып, унаага, өзүнө жана наристеге бензин чачып, өзүн өрттөп салган. Эркек унаадан секирүүгө үлгүргөн, аял окуя болгон жерде каза болгон. Өрттүн видеосу социалдык тармактарга тараган.

Окуя болгон жерге чакыруу боюнча келген өрт өчүрүүчүлөр өрттү тез арада өчүрүшкөн. Тез жардам ымыркайды ооруканага алып кеткен. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой, ооруканада каза болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 103-беренесинин 2-бөлүгүнүн «б» пункту менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.