Аял өзүнө өрт койгон соң кармалган казакстандык вайнерлер камакта калтырылды

«Mudarabah Capital» каржылык пирамидасын уюштурууга шектелип кармалган казакстандык вайнерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязовдун бөгөт чарасы узартылды. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Мейржан Туребаев документтер менен таанышып бүтө элек. Маалыматка караганда, алар 18-октябрга чейин камакта болушат.

Буга чейин Нур-Султанда «Mudarabah Capital» каржы пирамидасына акча салган Багила Досмаилова өзүнө өрт койгон. Каржылык пирамиданы уюштурууга шектелип апрель айында эки вайнер камакка алынган.