Аялдан амал качып кутулбайт! Бразилиялык айым чүпүрөктөн тигилген куурчакка «турмушка чыгып», «балалуу» да болду (сүрөт)

Бразилиялык айым апасы тигип берген чүпүрөк куурчакка «турмушка чыгып», «балалуу» да болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

37 жаштагы Мейривоне Роча Мораес турмуш курууну кыялданып, бирок татыктуу адамды жолуктура алган эмес. Апасы кызынын кыялын ашырмай болуп, чүпүрөктөн кызынын идеалындагыдай көгүш көздүү, муруту бар, саргыч чачтуу куурчакты тигип берет. Мейривоне «жигитти» бир көрүп сүйүп калат. Бир нече айдан кийин ал кош бойлуу экендигин айтат. Баласы никеде төрөлүшү үчүн түгөйлөр кыска убакыттын ичинде той уюштуруп, 250 адамдын чакырып «баш кошушат». Тойдон соң эки жаш Рио-де-Жанейрого бир жумага саякатка кетишет. Ал жактан келгенде врач, медайымдардын коштоосунда Мейривоне «төрөп», куурчактан жасалган баласын Марсельино деп атаган.

Мейривоне күйөөсү идеалдуу экендигин жана жубайын кандай болсо ошондой кабыл аларын айтат. Болгону үй-бүлөнү багуу түйшүгү өз моюнуна илинип, кээде чарчатарын кошумчалаган.