Аялдарда рак оорусун козгой турган кесиптер аталды

Монреаль университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүшүп, бир катар кесиптер энелик бездин рагынын пайда болуу коркунучу жогору экенин белгилешти. 

Макала Occupational & Environmental Medicine журналында жарыяланган. 18 жаштан 79 жашка чейинки аялдардын ден соолугунун көрсөткүчтөрү салыштырылган: изилдөөнүн 491 катышуучусу энелик бездин рагы боюнча терапиядан өтүп жаткан, 879унун дени сак болгон.

Алынган натыйжаларга ылайык, чач тарачтар жана косметологдордун ооруга чалдыгышы 3 эсе жогору болгон, анткени сулуулук индустриясынын өкүлдөрү ар кандай химиялык заттар менен көп иштешет. Курулуш иштери да рак оорусуна чалдыгуу коркунучун үч эсеге чейин жогорулатат.

Көп отуруп иштеген кеңсе кызматкерлеринин иши бул тобокелдиктерди эки эсеге көбөйтөт. Кийим тигүү тармагында иштөө энелик бездин рагына чалдыгуу коркунучун 85 пайызга жогорулатары такталган. Соода жана чекене соода тармагында иштегендерде шишиктин пайда болуу коркунучу тиешелүүлүгүнө жараша 45% жана 59% пайызга көбөйөт. Онкологияго 10 жыл же андан ашык иштегендер чалдыгышы мүмкүн экени баса белгиленет.