Аялдын ур-токмокко алынып жатканын эки эркек карап турган видео тарады

Казакстандын «Не молчи» фонду соцтармактагы баракчасына аялдын ур-токмокко алынып жатканын эки эркек карап турганы тартылган видеону жарыялады. Окуя Алматы шаарында болгондугу маалымдалууда.

Билдирүүдө жазылган маалыматка караганда, видеодогу аял жолдошу менен ажырашканына карабай, ал мурдагы жубайын эки эркек кишинин көзүнчө сабаган. Ур-токмокко күбө болгондор эркектин колунан тартымыш болушканы менен аялга жардам берүүгө аракет кылышкан эмес. Соцтармактын колдонуучулары учурда сабаган эркек кишиге караганда, күбө боло туруп, сабоону токтотуп коюуга жарабагандар көбүрөөк таң калып жатышат.