«Аялынан өч алгысы келген». Өзбекстанда баласын аёосуз сабаган киши камакка алынды

Буга чейин Өзбекстандагы социалдык тармактарда чоң киши кичинекей балдарды сабап жаткан видео тараган. Видеодо эркек киши коркконунан ыйлап жаткан бир нече кичинекей балдарды кезектешип уруп, тепкилеп жатканын, ал эми өзүнүн жылмайып турганын көрүүгө болот.

Тартип сакчылары балдарды мыкаачылык менен шылдыңдаган адамды кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө ал ушундай жол менен аялынан өч алууга аракет кылганы белгилүү болду.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, бул видео өткөн жылдын сентябрь айында тартылган. Ташкент облусунун Янгиюль районунун 30 жаштагы тургуну тынымсыз үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан эки жашар баласын ар кандай кыйноолорго кабылткан. Бул процессти ал уюлдук телефонго тартып, аялынан өч алуу максатында видеону социалдык тармактарга тараткан.

13-майда укук коргоо кызматкерлери аталган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 2-бөлүгүнүн «а» пункту (жашы жете электи кыйноо) боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.