«Аялзатына зомбулук токтомоюнча жуунбайм». Индиялык жаран 22 жылдан бери жуунбай жүрөт

62 жаштагы индиялык тургун 22 жыл мурун коомдо аялдарга карата зомбулук, жер талашуу, күнөөсүз жаныбарлардын өлтүрүлүшү токтомоюнча жуунбайм деп өзүнө сөз берип, дагы деле сөзүн буза элек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Индиялык Дхармадев Рам 40 жашында жуунууну токтоткон. «1978-жылы үйлөнүп, кадимки турмушумду өткөрүп келгем. Кийинчерээк аялзатына карата зомбулук, жер талашуу, жаныбарларга кол салуу күчөп баратканын байкадым. Ошондон кийин мага туура жол көрсөткөн гуру менен таанышып, ал мени туура багытка салды«, — деген Рам.

Андан бери Рамдын уулу, аялы көз жумуп, 22 жыл өткөн. Бирок ал эркекче сөзүндө туруп, жакшылыктан үмүтүн үзбөй жуунбай келет.