Өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Мындай чечимди шииттердин жогорку диниятчыларынын 88 өкүлүнөн турган кеңеш кабыл алганын DW’нин Ислам Республикасындагы булактары билдирди.
Азырынча Ирандын расмий бийлиги жана мамлекеттик ЖМКлар бул маалыматты тастыктай элек. DW’нин булактарынын маалыматына караганда, Можтаба Хаменеини шайлоо чечими Ислам революциясынын сакчылар корпусунун басымы алдында кабыл алынган.
Можтаба Хаменеи Ирандын алтынчы президенти Махмуд Ахмадинежадды (2005-2013) колдогон. Анын тушунда өлкөдө айрым либералдык реформалар токтотулуп, Ирандын өзөктүк программасын өнүктүрүү ылдамдатылган. Ал 2005 жана 2009-жылдардагы шайлоолордо Махмуд Ахмадинежадды колдогон.
Али Хаменеи каза болгондон кийин Иранды убактылуу үч адамдан турган кеңеш башкарып жатат: президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы Голям Хосейн Мохсени-Эджеи жана Конституцияны сактоо кеңешинин мүчөсү аятолла Алиреза Арафи.











