Буга чейин социалдык тармактарда өзбекстандык мушкер ШахрамГиёсовдун аюу менен машыгып жаткан видеосу тараган. Кырдаалды коңшу өлкөнүн Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлиги иликтеп жаткан. Машыгуу Buka Gym залында болуп, видео 26-декабрда жайылган.
Podrobno.uz басылмасы жазгандай, видео тарткан топтун баарынан түшүнүк кат алынып, аюу Фергана зоопаркына жөнөтүлгөн.
Экология министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мушкер Шахрам Гиёсов жаныбарга ырайымсыз мамиле жасагандыгы үчүн 1,1 миллион сум айыпка жыгылды. Чечим Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 111-беренесинин негизинде кабыл алынган. Мушкер күнөөсүн мойнуна алып, мындай окуя экинчи кайталанбай турганын билдирди.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...