Өзбекстанда аюу тиштеп өлтүргөн киши зоопаркта 2 жылдан бери иштеп келген

Анжиян зоопаркынын кызматкерине аюу кол салып, өлтүргөн. 

Окуя 3-январь күнү саат 16:00дө болгон. Зоопарктын кызматкери аюунун короосуна аны тамактандыруу үчүн кирген. Жаныбар аны басып, мойнунан тиштеп салган. Алган оор жаракаттарынан улам адам окуя болгон жерде каза болгон.

Ал киши 2021-жылдан бери аюуларды багып келген. Зоопарктын ээлери болгон «Усманабад Файзи» ЖЧКсынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) боюнча иш козголду.