AZAL Баку-Казан каттамдарын убактылуу токтотту. Бул чечимди коопсуздукту камсыздоо деп түшүндүрүштү.
Буга чейин авиакомпания Орусиянын дагы он шаарына каттамдарын токтоткон.
25-декабрда Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан учак Актауга жакын жерге кулап түшкөн. Бортто 67 адам болгон, анын ичинде Азербайжандын 42 жараны, Орусиянын 16 жараны, Казакстандын 6 жараны жана Кыргызстандын 3 жараны болгон. Каргашалуу кырсык 38 адамдын өмүрүн алган.