Азербайжан авиакомпаниясы Актауда кулаган учактагылардын тизмесин жарыялады. Бул маалыматты Tengrinews.kz телеграм каналы бөлүштү.
Тизмеге ылайык, 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын арасында 3 кыргызстандык бар экендиги айтылып жатат.
Бүгүн, 25-декабарда Казакстандын Актау шаарында Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулаган.












