2024-жылдын 25-декабрында Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка учураган Азербайжан авиакомпаниясынын учагынын сүрөттөрү соцтармакта тарады. Учактын ички сүрөттөрүндө тышкы кийлигишүүнүн издери, анын ичинде сыныктардын белгилерин көрүүгө болот.
Азербайжандын өкмөттүк булактарынын айтымында, алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй, учак Грозныйга жакындап келатканда орусиялык «Карапцир-С» абадан коргонуу системасынан атылган ракетадан сокку алган.
Буга чейин санариптик өнүктүрүү жана транспорт министри Рашад Набиев ракета чабуулу болгонун ырастаган. Бирок ракетанын түрү иликтенип жатканын кошучалаган. Өз кезегинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагындагы орус абадан коргонуу системасы тарабынан атайылап атып түшүрүлгөнүн билдирген эле. Президент Алиев Орусиядан айыбын толук мойнуна алууну, күнөөлүүлөрдү жазалоону жана жабырлануучуларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кенетме төлөөнү талап кылды.
Тергөө иштери улантылып, так жоопторду издеп жатышат.