Бүгүн, 26-декабрда Актауда Embraer 190 жүргүнчү учагынын кыйрашынан улам көп сандаган курмандыктарга байланыштуу Азербайжанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Буга чейин тиешелүү буйрукка Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кол койгон. Азербайжан маалымат каражаттары кабарлагандай, буга байланыштуу өлкөдөгү желектер түшүрүлдү. Бакудагы жаңы жылдык балатылардын жарыктары да өчүрүлдү. Ошондой эле пландалган маданий иш-чаралар токтотулду.











