Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин уулу үйлөндү

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин уулу Гейдар Алиев үйлөндү. Бул тууралуу өлкөнүн биринчи айымы Мехрибан Алиева 26-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Кечээ тар чөйрөдө уулубуз Гейдардын үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдүк. Мен үчүнчү кыздуу болгонубузга кубанычтамын! Бардык ата-энелердей эле уулубузга бактылуу үй-бүлө каалайбыз!» — деп жазды ал.

Гейдар Ильхам оглы Алиев 1997-жылы 3-августта туулган. Ал Заманбап окуу комплексин, ошондой эле Азербайжан Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.