Орусия «Азовсталь» комбинатынан 152 украин аскеринин сөөгү табылганын маалымдады

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков «Азовсталь» металл комбинатын тинтүү учурунда 152 украиналык аскер кызматкеринин сөөгү табылганын маалымдады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Конашенковдун айтымында, 152 аскердин сөөгү муздатуучу системасы иштебеген фургондо болгон. Сөөктөрдүн астына 4 мина коюлган. «Эгер алар жарылса, фургондогу сөөктөн эч нерсе калмак эмес», — деп билдирген генерал-майор. Конашенков «бул жерде орусиялыктар сөөктөрдү жакындарына бербеш үчүн атайын уюштурган деп бизди каралоо болуп жатат. Муну Киев тарап атайын уюштурган» деп баа берди.

Жакынкы күндөрдө маркумдардын сөөктөрү Украинанын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилүүсү күтүлүүдө.