«Азыр 2014-жылдын февраль айы эмес, азыр 2022-жылдын февраль айы. Биздин өлкө башка, армия башка». Владимир Зеленский украин элине кайрылуу жасады.
«Украинанын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган чек арасы буга чейин кандай болсо, азыр да ошол бойдон калат. Орусиянын акыркы аракеттери — бул биздин мамлекеттин суверендүүлүгүн бузуу, «Донецк элдик республикасы» менен «Луганск элдик республикасын» таануу — бул Орусиянын Минск макулдашуусунан бир тараптуу чыгып кетүүсүн билдирет. Бул аракеттери менен Орусия 2014-жылдан бери Донбасста жүргөн күчтөрүн мыйзамдаштырган болот. Биз эч нерседен жана эч кимден коркпойбуз, эч бирөөгө эч нерсени бербейбиз», — деди Зеленский.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин өздөрүн «Донецк элдик республикасы» жана «Луганск элдик республикасы» деп жарыялаган аймактарды Орусия көз карандысыз деп тааный турганын билдирген.













