«Азыр шайлоонун учуру эмес». Зеленский Украинада президенттик шайлоо өтпөй турганын кыйытты

Украинанын президенти Владимир Зеленский видеокайрылуусунда куралдуу кагылышуу учурунда Украинада чоң майрамдарды жана шайлоолорду өткөрүүгө жол берилбей турганын, анткени бардык коргонуу күчтөр таптакыр башка эмоциялар менен жашап жатканын айтты. Бул тууралуу РБК жазат.

«Биз азыр мамлекеттин келечеги чечилчү коргонуунун, согушуунун мезгилиндебиз. Азыр шайлоонун учуру эмес деп эсептейм», — деп жазган президент.

Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын мартында өтмөк. Украинанын Конституциясына ылайык, согуш абалында шайлоо өткөрүүгө тыюу салынган. Ал Украинада орусиялык аскерий операция башталгандан бери күчүндө, 6-ноябрда Зеленский бул режимди кайрадан 90 күнгө — 14-февралга чейин узартууну сунуштаган. Украинанын президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат. Зеленский 2019-жылы мамлекет башчы болуп шайланып, ошол эле жылдын май айында кызматка киришкен.