«Төрөт азаюуда». Ким Чен Ын көзүнө жаш алып, аялдарды көп бала төрөп берүүгө чакырды (видео)

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Энелердин улуттук конгрессинде көзүнө жаш алды. Ал өлкөдө төрөттүн төмөндөшүнө тынчсыздануусун билдирип, муну жаштар арасындагы антисоциалисттик жүрүм-турумдун өсүп жаткан көйгөйү менен байланыштырды.

Ким Чен Ын аялдарды партиянын, революциянын жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мүмкүн болушунча көп бала төрөп берүүгө чакырган.