Баасы 100 миллион доллар. Ханзаада Гарри менен Меган Маркл жашоосу тууралуу реалити-шоу тарттырмакчы

Ханзаада Гарри жана Меган Маркл өздөрүнүн жашоосу тууралуу реалити-шоу тарттырмакчы. Аны жарыкка чыгаруу боюнча «Netflix» компаниясы менен 100 миллион долларга келишим түзүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Болжолдуу түрдө долбоор герцогдун көптөн күтүлгөн мемуарлары менен бир убакта чыгары айтылат. Меган Маркл менен Гаррини акыркы кезде операторлор коштоп жүргөнү бекеринен эмес, ал кадрлар долбоорго кошулушу мүмкүн.

Эске салсак, 2020-жылы Меган Маркл падышалык милдеттерден баш тартып, ханзаада экөө АКШга көчүп келишкен. Ал жактан белгилүү журналист Опра Уинфриге чуулгандуу маек беришкен. Анда Меган кош бойлуу учурунда британдык басылмалардын каралап жатканда үй-бүлө мүчөсүнөн бири да колдоо көрсөтпөгөнүн айткан. Ошондой эле курсагындагы уулу кандай түстө болору тууралуу тема козголгонуна нааразы болуп, расизмге айыптаган. 

Буга чейин «Netflix» компаниясы Меган Марклдын жаштыгы тууралуу «Жемчужина» деген аталыштагы мультсериалды көрсөтүүдөн баш тарткан. Бул ирет алар компания менен жаңы долбоор үчүн 100 миллион долларлык келишим түзүшкөн. Жаңы долбоор Букингем сарайында чочулоо жаратары бышык. Анткени падышалык үй-бүлөнүн жаңы сырлары ачылып, абийири айрандай төгүлүп калуу коркунучу бар.