«Багынып берсең, өзүмдү тартуу кылам». Орусиялык порноактриса Зеленскийге кайрылды (видео)

Орусиялык порноактриса Лола Тейлор Украина президенти Володимир Зеленскийге «багынып берсең, мен сени менен кумар оюнун курууга макулмун» деп видеокайрылуу жасады.

«Сураныч, куралды ташта. Эгер сен куралды таштасаң, мен сага өзүмдү тартуу кылам. Анткени бул согуш эч кимге керек эмес. Болгону эл жабыркабаш үчүн багынып берсең, мени белекке аласың», — деген Тейлор.

Порноактрисанын кайрылуусу коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Айрымдар «дипломаттар, сүйлөшүү жүргүзүүнү порножылдыздан үйрөнсөңөр» деп тамаша пикирлерин жазышууда.