Байден Навальныйдын жубайы жана кызы менен жолугушту

Жо Байден кечээ, 22-февралда маркум орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйдын жубайы жана кызы менен жолугушту. АКШнын президенти Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө даярданып жатканын CNN жазды.

«Мен анын аялы жана кызы менен таанышуу сыймыгына ээ болдум жана ачык айтайын, ал укмуштуудай кайраттуу адам экен. Эртең биз анын өлүмүнө жооптуу болгон Путинге каршы санкцияларды жарыялайбыз», — деди Байден.

Байдендин айтымында, жолугушуудан Навальныйдын аялы күрөшүн улантары маалым болгон.