Байлыкка ээ болом деген. Жубайы күйөөсүн «киллерге» өлтүрүүгө буюртма берген

АКШнын тургуну Кристи Линн Фелкинс күйөөсү Гейб Скотту өлтүрүүгө киши жалдаганы аныкталып, 10 жылга кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Гейб менен Кристи окуучу кезден сүйүшүп, кийинчерээк баш кошуп, 12 жыл чогуу түтүн булатышкан. 2 балалуу болгондо мамилелери солгундап, ажырашуу тууралуу ойлоно башташкан. Эки тарап ажырашуу процессинин шарттарын сүйлөшүп жүргөндө Кристи жолдошун өлтүрүүгө киши жалдап, 12 биткоин (болжолдуу 254 миң доллар) төлөп бермей болот. Жалданма киши өлтүргүчкө ал Гейбдин баскан-турганы, кайда барып келери жөнүндө толук маалымат берген. Кристи буюртманы сайт аркылуу онлайн жүргүзгөн. Ал сүйлөшкөн адам киши өлтүргүч эмес эле хакер болуп чыккан. Хакер «кардары» менен жазышкан билдирүүлөрүн укук коргоо органдарына тапшырып берген. Гейбдин айтымында, ал өзүн камсыздаган. Эгер өлсө ага катталган үй-жайы жубайына өтөт. Андан сырткары камсыздоочу компания жубайына акча төлөп беришмек.

2020-жылы сентябрда Кристиге карата кылмыш козголуп, 2021-жылы мартта күйөөсүн өлтүрүүгө буюртма бергени боюнча күнөөлүү деп табылган. 16-июнда ал 10 жылга камакка алынган.