Казакстандын Алматы шаарынын тургундары 8-мартта аялдардын укугу үчүн митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, митинг шаардын Махатма Ганди атындагы паркында башталып, андан кийин иш-чаранын катышуучулары Шевченко көчөсү менен Шокан Уалихановдун эстелигинин жанына барышкан.
Жүрүш учурунда аялдар кыйкырган ураандардын арасында «Байпагыңды өзүң жуу», «Менин денем менин ишим», «Гүлдөргө сатылба — эртең мештин жанында отуруп каласың» деген чакырыктар көп айтылган.
Ошондой эле Казакстанда өткөн бул аялдардын митингинде акциянын эки катышуучусунун кармалгандыгы жөнүндө айтылууда. Бирок жергиликтүү милиция кызматы азырынча кармоо боюнча түшүндүрмө бере элек. Кийинчерээк Алматы шаарынын коомдук өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Ренат Бекбергенов катышуучулардын кармалышы боюнча акимчиликтен да, полициядан да эч кандай комментарий берилбейт деп билдирди. Ошондой эле, акимчилик митингдин катышуучуларынын саны жана кортеждин коопсуздугун камсыз кылган адамдар жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан.