Жаңы Зеландиянын Түштүк Окленд шаарынын чет жакасын каптаган торнадодо бир адам каза болуп, экөө жаракат алды. Бул тууралуу RNZ жазып чыкты.
Маалыматка караганда, торнадо шаардын чет жакаларын бүгүн, 19-июнда эртең менен каптаган. Натыйжада, материалдык чыгым дагы келтирилген: үйлөрдүн чатыры талкаланган, имараттардын терезелери сынган, бак-дарактар кулап, электр зымдары үзүлгөн. Кесепеттерди жоюу боюнча кеминде 20 топ, ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар иштеп жатышат.