«Бак-дарактар кулап, электр зымдары үзүлгөн». Жаңы Зеландияда торнадо 1 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)

Жаңы Зеландиянын Түштүк Окленд шаарынын чет жакасын каптаган торнадодо бир адам каза болуп, экөө жаракат алды. Бул тууралуу RNZ жазып чыкты.

Маалыматка караганда, торнадо шаардын чет жакаларын бүгүн, 19-июнда эртең менен каптаган. Натыйжада, материалдык чыгым дагы келтирилген: үйлөрдүн чатыры талкаланган, имараттардын терезелери сынган, бак-дарактар ​​кулап, электр зымдары үзүлгөн. Кесепеттерди жоюу боюнча кеминде 20 топ, ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар иштеп жатышат.