«Бактылуумун». 16 жашынан тарта «сакалдуу айым» лакап аты менен жашап келген — Харнам Каур

Харнам Каур 1990-жылы Улуу Британияда туулган. Ал 16 жашынан тарта «сакалдуу айым» лакап аты менен жашап келет. Ага 12 жашында энелик бездин поликистоз синдрому деген диагноз коюлган. Бул ооруда денесинин гормоналдык балансы бузулуп, бетине сакал-мурут өсө баштайт. Харнам сакал-мурутунун айынан көп шылдыңга туш болгон. Аны дайыма кырып турган. Кийинчерээк гана сакал-мурутун эркин өстүрө баштаган.

«Мектепте мени жаман көрүшчү. Мазактоо, шылдыңдоого чыдап келдим. Мен сакалымды өстүрүп, аял мындай же тигиндей болушу керек деген коомдун калыптанган оюна каршы кадам таштоону чечтим. Менде азыр өз жанымды кыюу боюнча ой жок жана бүгүн жаш, сулуу сакалчан аял болуп бактылуу жашап жатам. Бул менин денем экенин түшүндүм, ошондуктан мен аны чексиз сүйө алам«, — дейт ал.