«Бала бакчадан качып чыккан». Өзбекстанда 4 жаштагы баланы поезд тебелеп кеткендеги видео

Социалдык тармактарда поезд 4 жашар баланы тебелеп кеткендеги видео тарады. Колдонуучулар ал бала бакчадан качып кеткенин жазышууда. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Окуя 9-сентябрда саат 15:33тө Кашкадарыя облусунун Касан районунда болгон. Колдонуучулардын айтымында, кароосуз калган бала бакчадан чыгып, үйүн көздөй бет алган. Анын жолунда темир жол болгон. Видеого караганда, бала жолду кесип өтүүгө аракет кылган, бирок буту илинип, кулап түшкөн. Кесепетинен поезд баланы тебелеп кеткен.